• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Президент Бишкектин тургундарын шаар күнү менен куттуктады

29 Чын куран 2024 10:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Сиздерди жалпы Кыргызстан элинин биримдигинин символун туюндуруп, эркиндигибиздин энчиси, бакубат турмушубуздун белгиси болуп келген сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Азыркы шаар аймагында байыркы заманда эле адамдар отурукташканын, кийин Улуу Жибек жолунда бул аймактын маани-маңызы артканын, дегеле бул географиялык аймакта белгилүү окуялар байма-бай болуп келгенине тарых күбө. Ага далил – байыркы Жүл (Джуль) шаары. Биздин замандын V-VI кылымдарына таандык Жүл шаар калдыктарынын ордуна археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер быйыл да улантылууга тийиш. Андан сырткары, тарыхый-маданий жайларды коргоо, сактоо боюнча иш-чаралар колго алынат.

Бүгүнкү күндө Бишкек – эгемен Кыргызстандын борбору өлкөбүздүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий очогуна айланды. Чокусун ак мөңгү баскан улуу тоолордун этегинде жайгашкан борбор калаабызда Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашык эли жашайт.

Азыркы учурда борбор шаарыбыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары жаңы рынок шартында, өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун ийгиликтүү улап баратат. Административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаарыбыздын аянты кеңейип, калкынын саны дагы артат. Бул иш-чаралар биздин алдыбызга жаңы милдеттерди коёт.

Ошентип баш калаабыз ар тараптан жаңылануунун башатында. Биз буга чейин Бишкектин архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга кадам таштаганбыз. Адегенде эле келген меймандардын көңүлүн буруучу жолдорубузду, тротуарларыбызды оңдоп-түзөөнү колго алдык. Бара-бара чоң-чоң имараттардын көрүнүшүнө көңүл буруудабыз. Мындан сырткары, заманбап инфратүзүмдүк объектилердин, соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү имараттардын курулушу кулачын жаюуда.

Урматтуу шаардыктар, сиздер менен биргелешкен аракетибиздин аркасында сүйүктүү Бишкек шаарыбызды келген конок суктана турган, жашоого жайлуу, күнөстүү калаага айландыра аларыбызга бекем ишенем!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу баш калаабыздын күнү менен куттуктайм.

Бүтүндөй Кыргызстандын жүзү болгон Бишкекти баарыбыз сүйө билели жана сыйлай билели.

Бишкек баатырдын ысымын алып жүргөн борбор шаарыбыз ар бир кыргызстандыктын сыймыгына айлансын!”.

Количество просмотров: 66