• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Президент Будапештке кайсы учак менен кетти?

13 Бирдин айы 202311:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барган. Президент жана аны коштогон делегация ТУ-154 учагы менен келип, Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конгон. Аны ардак кароолдун коштоосунда Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Белгилей кетсек, президенттин жана ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын башка өлкөгө болгон сапарларында кымбат баалуу учак колдонулганы белгилүү. Мындан улам бир катар ача кептер да жаралып келген.

Кошумчалай кетсек, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Количество просмотров: 27