• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

21 Жалган куран 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилери, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңеши өтүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана атамекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралып жатат.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус менен күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдерин ишке ашыруу жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулууда.

Количество просмотров: 198