• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент эми соттордогу мыйзамсыздыка кайдыгер эмес. АКШ жараны менен мейманканага түнөгөн кыздар Соңку жаңылыктар 08.02.18. (видео)

8 Бирдин айы 2018 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.02.18.Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ СОТ СИСТЕМАСЫН БУТАГА АЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков соттордун ишине керек учурда кийлигишерин билдирди.«Мен соттордун ишине киришпешим керек. Бирок баш аламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Андай болбойт! Баарына өзүм киришем. Мыйзам чегинде баарын көзөмөлгө алабыз. Сотко жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатат. Рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деңгээлге жетти. Акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, сот, көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон 5 480 арыз түшкөн«, — деди Жээнбеков.Президент күч структураларынын жетекчилеринен коррупция менен күрөшүү үчун кардиналдык чечимдерге баруусун талап кылды.«Коррупция менен күрөштү өзүңөрдөн баштоого силерге дагы мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бизде убакыт аз. Жарым жыл же бир жылда ишиңердин жыйынтыгын көрөбүз»,-деди президент.

ЭКИ КЫЗ БОЮНЧА КОМИССИЯ ИШИН БАШТАДЫ

Чүй областындагы мектеп-интернаттагы эки кыз боюнча кызматтык териштирүү иштери башталды. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин басма сөз борбору Govori.TV сайтына билдирди. “Учурда бул эки кыз боюнча атайын Билим берүү министри, ИИМ жана Чүй райондук мамлекеттик адиминстрациясынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү ишин баштады” –дейт пресс борбору. Мындан сырткары бул иш укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынганын кошумчалап, жыйынтык дагы маалымдаларын билдирди. Эске сала кетсек, Чүй областынын Чүй районундагы мектеп-интернатында тарбияланып жаткан 8 жана 10 жаштагы эки кыз АКШ жараны менен үч күн мейманканага түнөдү деген маалымат интернат булактарына чыккан. Учурда ал кыздар аларды багып алам деген Антон Путилиндин үйүндө. Бул боюнча маалымат дагы такталат.

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, КАТТАМДАР УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

Жалал-Абаддын айрым унаа жолдоруна кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Тогуз-Тородо өткөн түнү Казарман — Атал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында көлөмү 900м3, ал эми 82-чакырымында 1800м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.Чаткал районунда Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 7-чакырым аралыгында 700м3 кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.Адам өмүрүнө зыян келген жок, учурда карды толук тазалоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 10