Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен республиканын Өзбекстандагы өкүлү Муса Жаманбаев кызматтарынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Бактыбек Аманбаев бул кызматка 2021-жылдын апрелинде келген.
Ал эми Жаманбаев 2022-жылдын апрелинен бери элчи болуп иштеп келген.