• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Президент Эмомали Рахмонду көргөн эки мугалим жана эки окуучу эстен танды

18 Жалган куран 2019 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында №18 мектептин жаңы имаратынын ачылышы өтүп жаткан маалда эки окуучу, андан соң эки мугалим эсин жоготту. Анан калса алар өлкө президенти Эмомали Рахмондун жана Дүйшөбү шаарын мэри Рустами Эмомалинин көзүнчө кулашкан. Бул тууралуу Akhbor булагы кабарлады.

Жергиликтүү басылма берген маалыматка таянсак, иш-чаранын катышуучулары эртең меннки саат 7ден түштөн кийинки саат 14кө чейин мамлекет башчысын күтүп жатып алдары куруп калган экен.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында эки педагог ушунчалык ачка болгондуктан Эмомали Рахмонду көрөрү менен эсин жоготушкан.

Ушундан кийин мамлекет башчысынын маанайы түшүп өзүнүн кол алындагыларды зекигенин басылма кошумчалады.

Булак: “Барометр”

Количество просмотров: 30