• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мыйзамды дагы бышырыш керек». Жээнбеков фейктерге каршы мыйзам долбооруна карата позициясын билдирди

25 Теке 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин куруп, анда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата өз позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул мыйзам долбоорун парламент ичинде, анын сыртында, социалдык тармактарда кандай талкуу болгонуна, байкоо салгандыгын билдирди.

«Жактагандар бар, каршы чыккандар бар. Менин жалпы позициям — биздин мамлекетте жалган маалыматка каршы мыйзам сөзсүз болушу керек. Эң биринчи кезекте, азыр баарыбыз айтып жаткан адам укугун, адамдын ден соолугун коргоо үчүн биз адамды жалган жалаадан, фейк деп айтып жатпайбызбы, мына ошол фейк маалыматтан сакташыбыз керек. Дүйнөлүк практика да ошону көрсөтүүдө. Айрым өнүккөн мамлекеттер да фейк маалыматка каршы күрөшүүдө. Мыйзамдарды кабыл алышууда. Бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлүп жатат. Бизде да ошондой болушу керек», — деп билдирди ал.

Президент ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп өттү.

«Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк. Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды. Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе. Бирок, түпкүрүндө мен ушул мыйзамды демилгелеп чыккандардын жана ал мыйзамды колдоп жаткандардын негизги философиясын — жалган маалыматка каршы күрөш керек экендигин колдойм», — деди президент.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ага бир топ кайрылуулар келип түшкөндүгүн билдирди.

«Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюмду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан, конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды кайра кайтарам. Бирок, бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм. Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал өз сөзүндө биздин коом ачык, ким болбосун, социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар, дейт.

«Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди, же тескеричисинче бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды. Бирок, ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок. Эгерде, кимдир бирөөнүн адамдык абийирине шек келтирбесе, тескери чакырыктар болбосо, ал тескерисинче мамлекеттик органдарга, мага жардам. Эмне үчүн дегенде, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлүү проблемаларды айтып, чагылдырып турса, мен деле бул жерде баарын биле бербейм да, ошондуктан мен да билип, ишимди жылдырганга, элдин мамлекеттик бийликке ишенимин алып келгенге чоң жардам. Мен буга кызыкдармын. Маселени ачык айтып, жүзүн жашырбай, туура жеткиргенди колдойм», — деди өлкө башчысы.

Количество просмотров: 298