Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, Коопсуздук Кеңешинде айтылган маселелер боюнча жаңы тапшырмаларды берди.
“Прокуратура органдарынын тынымсыз текшерүүлөрү ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, ишкерлерди жүдөтүп жатат. А прокуратура болсо текшерүүлөрдү өз бизнесине айлантып алды. Ошондуктан, органдын ишин дагы бир жолу карап чыгууну, коррупциялык, мамлекеттик же муниципиалдык менчикти уурдаган фактылар боюнча баардык кылмыш иштерин кайрадан инвентаризация кылууну тапшырам”,-деди Президент.
Ошондой эле ал Индира Жолдубаевага катуу эскертүү берип, жөнсүз текшерүүлөрдү тез арада токтотуп, коррупциялык аракеттерден тазалануусу керектигин кошумчалады.
Эске сала кетсек, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында да Сооронбай Жээнбеков прокуратура өз ишин жөндөй албай жатканын айтып, жеекчиликке 6 ай убакыт берген болчу.