• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Президент: Кен чыккан жерге уруксат берүүдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай калууда

30 Үчтүн айы 2019 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-январда Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө, анда Президент кен чыккан жерге уруксат берүүдө көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбастан, тескерисинче тар чөйрө, айрым адамдардын кызыкчылыгына артыкчылык берилип жатканын айтты.

«Лицензиялардын колдон колго сатылганы, алып сатарлык көрүнүштөр орун алып жатат. Жолун тапкандар, алып сатарлык менен алектенип жатат. Лицензияларды инвентарищациялоо боюнча тапшырма бердим. Кен иштеткенден көрө лицензияны кармап туруу мөөнөтүн узартуу үчүн акы төлөө оңой болуп жатат. Ачыктык, адилеттик, таза иштетүү боюнча сунуштар болушу керек. Тоо-кен тармагы боюнча сот чечимдери көп суроолорду жаратты. Бирдей эле фактылар боюнча карама-каршы чечим чыгарган учурлар бар», — деди ал.

Акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгону, ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилгени белгилүү болду.

Количество просмотров: 25