Бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV элдик курултай өтүп жатат.
Анда сөз сүйлөп жаткан президент 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы 100%га көтөрүлөрүн айтты.
Ошону менен катар Жапаров маданият кызматкерлеринин, дарыгерлердин, машыктыруучулардын жана мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн соң канча сомду түзүп каларын айтып берди.