• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент өкмөттүн жана парламенттин мурдагы жетекчилери менен жолугат

17 Жетинин айы 2018 10:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.11.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда өкмөттүн, парламенттин мурдагы башчылары менен жолугат. Жээнбеков бул тууралуу 16-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысынын кеңешчиси Мирослав Енча менен жолуккан учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
— Мен бизнес, жарандык коом өкүлдөрү, чет өлкөдө жашаган мекендештер, жаштар, өлкөдөгү донорлор менен жолугушуу өткөрдүм. 20-ноябрда мурда парламентти, өкмөттү жетектегендер менен жолугууну пландап жатам. Бул коомчулуктун пикирин угуп, тараптардын консолидациясы үчүн жаңы тажрыйба болуп жатат, — деди Жээнбеков.
Жээнбеков буга чейинки жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, ишкерлер менен жолуккан. Ал жолугушуулардын себебин коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошкусу келген бардык жигердүү адамдардын башын бириктирүүгө аракет кылып жатканы менен түшүндүрүп келет.
Количество просмотров: 32