Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.
Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйында КСДПнын башкы бухгалтери Надира Сатыгул кызын 1996-жылдан бери тааный турганын айтты.
«Надиранын келишине мен биринчи кезекте кызыкдармын. Өмүрүнө коркунуч келип жатат дейт. Ага кысым көрсөтүлүп жатканын айтышып, мага шылташууда. Бул нерсенин бир гана максаты бар, ал — Кыргызстанда дүрбөлөң салыш, тополоң кылып бийликке келиш. Мен андайга жол бербейм. Кыргызстандын келечеги өзүмдөн да бийиик турат. Өлкөдөн бийик дөөлөт жок», — деди ал.
Жээнбеков ошондой эле бул боюнча иликтөө ишери жүрүп жатканын, ал аягына чыгат деген үмүтү бар экенин кошумчалады.