• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

30 Баш оона 201910:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.08.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду.

4 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.2019-жыл 30-август

Количество просмотров: 12