• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент кыргызстандыктарды куттуктады (Видео)

1 Үчтүн айы 2019 1:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.01.2019.Govori.TV.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман журтум!

Айдан аман, жылдан эсен« чыгып, Жаӊы 2019- жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жаӊы 2019-жылды аруу тилек, илгери үмүт, асыл максаттар менен баштайлы——————————————————Президент Сооронбай Жээнбеков: Вступаем в новый 2019 год с чистыми помыслами, с верой в добро и надеждой на лучшее

Опубликовано Ulan Satiev Понедельник, 31 декабря 2018 г.

Баарыбызды толкундаткан ушул мүнөттөрдө кутман элимди куттуктоо- мен үчүн өзгөчө сыймык!

Сиздердин ар бириӊиздерди, үй-бүлөӊүздөрдү, сыртта жүргөн мекендештеримди Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайм!

Кадырман калайык-калкым!

Өтүп бараткан жылда Сиздерге берген убадаларымды аткаруу үчүн иштедим.

Өлкө аймактарын түрө кыдырып, Сиздер менен баарлаштым. Коомубуздун ар кайсы өкүлдөрү менен жолуктум.

Кандай иш болбосун, кадырлуу эл-журтум, Сиздердин колдооңуздарды сездим.

Баарыӊыздарга чын пейлимден чыккан ыраазылыгымды билдирем.

Кымбаттуу мекендештерим!

Быйыл элет жерине өзгөчө көӊүл бурдук. Аймактарда чоң өзгөрүүлөргө карай чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул багытта иштер жаӊы жылда дагы уланат.

Өлкөнү, өзгөчө региондорду санариптештирүү — бийик максатыбыз жана милдетибиз.

Эл аралык аренада мамлекетибиздин аброюн бекемдедик.

ЕврАзия экономикалык биримдигинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган иштерди жасадык.

Стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз — Россия менен ар тараптуу достук мамилени чыӊдадык.

Коӊшу мамлекеттер менен болгон карым-катышыбызды жаңы баскычка көтөрдүк.

Залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, атактуу жердешибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык юбилейин дүйнө коомчулугу менен чогуу белгиледик.

Коомубузду коррупциядан, колу туткак, элдин ырыскысына кол салган, ыймансыз чиновниктерден тазалап жатабыз.

Жаңы жылда сот-укуктук реформалар ишке аша баштайт. Кыргызстан жаңы, чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого кадам таштайт.

Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн узак жана орто мөөнөткө стратегиябызды аныктап, багытыбызды, басар жолубузду тактадык.

Келечекке карата бийик максаттарды белгиледик.

Бул асыл максаттарга ыймандуу бийлик, ынтымактуу коом болгондо гана жетебиз.

Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ар бир жумуш күнүм, ар бир саатым элимдин жашоосун жакшыртууга арналат. Бул менин жашоомдун маӊызы.

Негизги максатым — сиздер менен чогуу, жаштарыбыз, урпактарыбыз сыймыктанчу өлкөнү, адилет коомду, таза бийликти, өнүккөн Кыргызстанды куруу!

Жаӊы 2019-жылды аруу пейил, илгери үмүт, асыл максаттар менен баштайлы.

Ата-энелер бала-бакырасы менен чогуу болуп, ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаӊырып турсун! Амандык, токчулукболсун!

Жергебизге кут конуп, ар дайым тынчтык болсун!

Элибиздин ынтымагы бекемделип, ырыскысы мол болсун.Берекебиз төгүлүп турсун!

Жаратканыбыз сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдоп, мээримин, жакшылыгын аябасын!

Количество просмотров: 9