• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Президент Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

30 Баш оона 201910:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду.

4 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178​ — чоң адамдар жана 195​ — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532​ — чоң адамдар жана 106​ — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Количество просмотров: 18