• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

28 Чын куран 2020 18:25 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

Количество просмотров: 434