• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Маалымат жана басма сөз күнү менен журналистерди куттуктады

7 Жетинин айы 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар​ — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Маалымат​ — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын,​ ​ жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады.​

Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар.

Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер.

Сөз эркиндиги​ — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.​ Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар​ тараптуу болууну каалайм.

Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо​ — ар​ бирибиздин ыйык парзыбыз.​

Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»

Количество просмотров: 175