Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Манас» эпосу кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрүнүн туу чокусу, журтубуздун сыймыгы деп белгиледи.
«Манас» эпосу — байыркы элибиздин жашоо турмушунун, каада-салтынын, тарыхынын энциклопедиясы жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. «Манас» эпосу жалпы адамзаттын маданий мурасы катары таанылып, дүйнөлүк адабият эстеликтеринин тизмесинен өзүнүн татыктуу ордун ээледи, – деди Жээнбеков.
Ата-бабаларыбыз көчмөндүк жашоонун, аскердик турмуштун катаал шарттарына карабай, азыркы заманга чейин жеткирген эпикалык мурасты дүйнө коомчулугу тааныды.
Ар бир кыргыз баласы „Манасты“ жүрөгүндө сактап, ошол тарыхты аздектеп жашап келгени үчүн көчмөн кыргыз дүйнө калкынын катарында түптүү журт бойдон сакталып калган, — дейт президент.