• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Президент менен Жогорку Кеңештин төрагасы эмнени талкуулашты?

3 Аяк оона 2019 17:37 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин Төрагасын өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, анын депутаттар үчүн өзгөчө маанисин белгиледи, анткени ал​ Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы үчүн жыйынтыктоочу болуп эсептелинет.

Президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Ал​ парламентарийлер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы бул багытта Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди.

Количество просмотров: 63