Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июлда ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрдү. Ырчы Анжелика социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолугушуу жана сунуштар тууралуу айтып берди.
Ырчынын айтымында, жолугушуу 3 саатка созулду.
«Чоң оорукана куруу сунушун колдоду, ал жакында качан курулуп баштап, качан бүтө турганын айтат. Мындан тышкары биз эскирип калган мейманканаларды обсервация үчүн сураганда, ал жакка да акча бөлүнө турганын айтты. Менин эң негизги сунушум социалдык дарыкана болду. Ал мамлекет тарабынан ачылып, бааларды эл көзөмөлдөйт жана ал жерде бардык дары-дармектер болушу абзел. Ошондой эле биздин доктурларга дары-дармек, витаминдерди берүү, медицина кызматкерлерине 10-15 күн сайын компенсация төлөп, айлык акысын өз убагында төлөп берүү, жеке коргоочу каражаттар менен камсыздоо, дарыканалардын статистикасын киргизүү сунушталды», — деди ал.
Ал жолугушууга катышкан ыктыярчылардан улуттук кыймыл түзүлүп, түзмө-түз Президенттин аппараты менен иш алып барууга WhatsApp мессенжеринде тайпа түзүлгөнүн кошумчалады.