Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.
Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана мамлекет башчысынын администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.