• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Президент министрлерге: Милдетти аткара албасаңар мага сөз тиет

9 Жалган куран 2022 19:31 Бишкек Govori.TV

Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага — президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим, эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат. «Эл тараза, эл сынчы» дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эле эленип, байкалып калат. Жигердүү иш алпарып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш»,-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Количество просмотров: 131