• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент окумуштуу Азиз Санжарды кабыл алды

21 Чын куран 2018 12:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.04.2018. Govori.TV
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков түбү түрк, америкалык окумуштуу ДНКнын калыбына келүү механизмдерин изилдеп, илимге киргизген жаңылыгы үчүн Нобель сыйлыгын алган Азиз Санжарды кабыл алды. Бул тууралуу  Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда белгилүү болгондой, жолугшууда негизги тема билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча болуп, профессор Кыргызстандын кооз жаратылышы менен кен байлыгына катар адамдык ресурстары да кубаттуу экендигин, билим берүү тармагына өзү жардам көрсөтүү менен жетишкендиктерге чакыраарын билдирген.

Президент да ага чың ден-соолук каалап, кыргыз окумуштуулары жана илимпоздору менен тыгыз кызматташып, илимдин өнүгүшүнө өз тажрыйбасын бөлүшүү менен колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирген.
Эске сала кетсек, Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыган.
Количество просмотров: 15