• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына келди

27 Кулжа 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.


Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Эске салсак, расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.

Количество просмотров: 421