• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент ата-мекендик өндүрүштөн чыккан бут кийим сатып алды

11 Үчтүн айы 2019 13:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба продукцияларын сактоочу жана кайра иштетүүчү «Агропродукт Азия» ЖЧКнын жана бут кийим чыгарган «Империал групп Ко» ЖЧКнын ишмердиги менен таанышты.

«Агропродукт Азиянын» жетекчиси Батырбек уулу Алымбек Мамлекет башчысына жалпысынан 4 гектар аянтта жайгашкан бул компания алма, картошка, пияз, сабиз, капуста сыяктуу жашылчаларды жана жемиштерди Голландия технологиясы боюнча сактап, кайра иштете турганын айтып берди.

Компания 2015-жылы ачылгандан тартып, 9800 тонна өз продукцияларын Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Монголиянын, Кытайдын базарларында саткан. Компания кургак жемиштерди өндүрүүчү жана таңгактоочу линияны ишке киргизүүнү, ошондой эле 200 гектар жерге алма багын тигүүнү пландоодо.

«Империал групп Ко» ЖЧКнын жетекчиси Улугбек Маликовдун сөзү боюнча, алардын ишканасы атайын жана жарандар үчүн бут кийимдерди өндүрөт. Ишкананы ишке киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунан 3,1 млн АКШ доллары алынган. Бардык керектелүүчү материалдар Россиядан, Италиядан, Түркиядан алынып келет жана эл аралык стандарттын бардык талаптарына жооп берет. Ишкананын продукцияларын Кыргызстанда, Россияда жана Казакстанда сатуу күтүлүүдө.

Өндүрүштүн кубаттуулугу — жылына 120-140 миң жуп бут кийим. Азыр 60 адам иш менен камсыз болгон, болочокто жумуш орундарынын санын 200гө чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мамлекет башчысы ак эмгеги жана өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн жергиликтүү ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кийинки жылдары да региондордогу ишкерлерди колдоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты бойдон калаарын баса белгиледи.

«Империал групп Ко» ишканасынан ал өзүнө ата-мекендик өндүрүштөн чыккан бут кийим сатып алды.

Количество просмотров: 14