• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

10 Бирдин айы 2020 16:23 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Кыргызстандын 2019-жылдагы тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн ата мекендик дипломатия тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн өткөн жылдагы эл аралык күн тартибин толук талдап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары катары өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну, жакынкы өнөктөш өлкөлөр жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүнү жана бекемдөөнү атады.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өткөн жыл тышкы саясаттын күн тартиби абдан тыгыз болгондугун белгиледи — бир катар ири эл аралык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү, өлкөгө чет мамлекеттердин башчыларынын визиттери болду.

Бир катар өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорку деңгээлдеги сапарлары болду, алардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлду. 

Министр аталган иш-чараларда жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар тарабынан иштер улантылып жатканын баса белгиледи.

2020-жылдын эл аралык күн тартибиндеги эң негизги окуялардын бири — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жылы болуп саналары айтылды.

Ошондой эле, ал Мамлекет башчысынын үстүбүздөгү жылдагы чет өлкөгө сапарларына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул ишке тартылган түзүмдөрдүн өз ара тыгыз аракеттенүүсүн жана 2020-жылга карата тышкы саясат боюнча пландаштырылган бардык иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 65