• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков коомду бириктирүү жөнүндө айтып баштады

6 Бештин айы 2019 16:41 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭАМА) директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Этникалар аралык мамилелер жаатында мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы жарандык тынчтык жана этникалар аралык ынтымак кандай гана мамлекеттин болбосун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарттары экенин өзгөчө белгиледи. Элдин биримдигин бекемдеп, Кыргызстандын этникалык көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков коомду бириктирүүдө, элдин ынтымак-ырашкерлигин жана жарандык жалпылыгын бекемдөөдө Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өзгөчө ролун белгиледи.

Ошондой эле региондорду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, аны жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана ЖӨБЭАМАнын директору Бахтияр Салиев Мамлекет башчысына окумуштуулардын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө ар тараптан көмөктөшүү боюнча жаңы улуттук документти иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдашты.

Анда бүгүнкү күндүн реалдуулуктарын жана чакырыктарын эске алуу менен заманбап, актуалдуу чаралар чагылдырылары баса белгиленди.

Количество просмотров: 113