• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Толгонай Стамалиева: Президент эки күн Нарында болот

21 Баш оона 201913:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019. Govori.TV


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.

21-22-августта Мамлекет башчысы иш сапары менен Нарын облусунда болот. 


Нарынга иш сапарынын алкагында Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.  Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Количество просмотров: 16