• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

3 Үчтүн айы 2020 19:17 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу тууралуу пикир алышуу болду.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын баса белгиледи. Анын ичинде үй-бүлө институту, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты да коюлат.

Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

«2020-жылы Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында областтарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты  социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы  иш-чараларга көңүл бурду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, Өкмөттүн  2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Количество просмотров: 97