• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашта

16 Жетинин айы 2018 18:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 60 жашка толду. Ал 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Бир кыз, бир уулу бар. Өмүрлүк жары – Айгүл Токоева. Президент балдарын, үй-бүлөсүн эл көзүнө чыгара бербейт. Учурда жээн неберелүү. Уулу болсо мектеп окуучусу.
Президенттин кызматка киришкенине  24-ноябрда туура бир жыл болот. Ага чейин Окмот башчы кезинде мамлекеттик курулуш тармагынын жетекчисине ачуусу келип, коомчулукка дунк эткен.
Ошондой өкмөт башчы кезинде жыйын өткөргөн учурда Сооронбай Жээнбеков «күйүп иштегиле» деген сөздү көп айтчу эле. Анын күйүп иштеп жатканына Кыргызстан эли өзү баалап алат. Биз болсо анын бир жыл ичиндеги айрым окуяларын тизмектеп көрөлү. Жыл ичинде президент Кытай, Россия, Турция баш кылып бир топ иш сапарларга барды.
Ошондой эле иш сапарлар учурунда жонокой жарандар менен бирге учуп, социалдык тармактын жылдызына айланды…
Президенттин эне тил тууралуу пикири жана БУУда эне тилде суйлогону коомчулукка жакты.
Быйыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деп жарыялап, анын алкагында өзү да өлкө аймактарын кыдырып чыкты.
Президент бала кезинен волейбол ойноп спортко кызыгат. Откон айда Нарын облусуна барып, бала чагын эстеди.

 

Количество просмотров: 18