• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков: Фарид Ниязов жооп берсин

19 Бештин айы 2018 18:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV.

Сооронбай Жээнбеков жакында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий технологу катары аты аталган Алексей Василивецкийди 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин көргөнүн, башында анын чет элдик экенин билбегенин айтты.

“Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Мен премьер-министр болгондо деле мага телефон чалып, аны “жакшы кеңешчи” деп айтканынан кабыл алганмын. Менин эки кеңешчим бар эле, алар аны менен иштөөдөн баш тартышкан. Андан кийин деле эки-үч кат келген, бирок мен айтканмын, “ал мага болбойт, мен андай кеңешчилерге муктаж эмесмин” деп. Мен жашымдан баштап дыйкан-фермер эл менен иштеп, бүт баскычтан өткөм. Менин программамды деле сырттан эксперттер келип жазган эмес, тажрыйбамдан келип чыгып жазылган. Ал “170 миң доллар алдым” деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Жооп берсин. Бул жерде баары аппак, бирок штабдын башчысы Фарид Ниязов “жооп бербейм, тазамын” дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек”, – деди Жээнбеков.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын 170 тен ашуун өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен..

Количество просмотров: 21