• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

60 жаштагы күзөтчүнү сабады делген милиционер изделүүдө

17 Жетинин айы 2019 18:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде кароолчу болуп иштеген 60 жаштагы эркекти мыкаачылык менен сабады деп шектелип жаткан адам милицияда иштеши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө жарык көрдү.

Буга чейин улгайып калган күзөтчүнү белгисиз эркек сабап кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Анда мас абалдагы топтошкон балдар Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдына туруп ызы-чуу салган. Бир маалда алардын бири токтоп турган автоунаалардын жанына заара ушата баштайт. Ошол учурда күзөтчү ага эскертүү берип, катуу сабалат. Окуя видео көзөмөлгө түшүп калган.

Жабырлануучу эртеси күнү башы ооруп чыдатпай калганда ооруканага кайрылып, медиктер милиция чакыртышкан. Аталган факт КРдин Кылмыш кодексинин 266-беренесинин («Ээнбаштык») негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милиция кароолчуга кол көтөргөн киши Land Cruiser 100 үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткенин аныктаган.

Ленин райондук милициясынын Криминалдык милиция кызматы шектүүнүн аты-жөнүн тактады. Ал 28 жаштагы Мирмухамбет Ишембеков болуп чыкты. Болжолдуу жашаган дарегине барып таппай койгон укук коргоо кызматкерлери шектүүгө издөө жарыялады.

Бишкек ШИИБден билдиришкендей, учурда сүрөттөгү адамдын чын эле шектүү же шектүү эместиги, ошондой эле милиция органдарына тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Количество просмотров: 106