• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына учуп кетти

27 Аяк оона 201817:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.

Бүгүн Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы саммитке катышуунун алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу өткөрөөрү болжолдонууда. Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эртең менен Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келген. 24-26-сентябрда Мамлекет башчысы Нью-Йоркто иш визити менен болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышкан.

Количество просмотров: 45