• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктады

31 Баш оона 201811:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек 31.08.18 Govori.TV
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктады.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан 27 жыл ичинде эл аралык коомчулукта эгемендүү өлкө катары таанылып жатканын белгилеп, бийлик адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет курууга аракет кылып жатканын билдирди.
Бул салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын ала билдирген.
Количество просмотров: 69