• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент соцмекемелердеги тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүүнү тапшырды

3 Бештин айы 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Чүй облусунун Беловодск айылында жайгашкан Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тарбиялануучулардын тамак-ашынын рациону менен таанышуу учурунда президент Садыр Жапаров балдардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. “Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл”, — деди ал.

Мамлекет башчысынын суроосуна жооп берип, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгымдын ченеми бир адамга 110 сомду түзөрүн билдирди.

Садыр Жапаров учурда бөлүнүп жаткан сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон табигый тамактануу ченемдерине жооп бербей турганын белгиледи.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кудайберген Базарбаевге, ыкчам түрдө өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүү боюнча министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 660