• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент стационарда иштеген ыктыярчы кыздын жакындарына көңүл айтты 

14 Теке 2020 19:29 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз», — деди самлекет башчысы.

Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун Президент баса белгиледи.

«Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак,14-июлда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болгонун кесиптештери социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, маркум стационарда 11 күн иштеп, эч жери ооруган эмес.

Количество просмотров: 165