Megacom
  • Ишенби 15 Баш оона 2020

Президент: Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт, коом өнүкпөйт

9 декабря 2019 в 10:56 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу судьялар жана сот органдарынын кызматкерлери!

Кадырлуу ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм.

Сот органдары дээрлик бир кылымдык тарыхый мезгил ичинде мамлекеттик бийликтин бир бутагы болуп калыптанып, даңктуу жолду басып өттү.

Ошол эле учурда, кыргыз коомунда сот адилеттигин жүргүзүү  илгертен бери эле келе жатканын, түпкү тамыры байыркы элдик тарыхыбызга такалаарын унутпашыбыз керек.

Кылымдарды карыткан кыргыз эли сот адилеттигине өтө терең маани берип келген.

Адилеттүүлүк — кыргыз журтунун ынтымагын  ширелтип, элди биримдикте кармап турган фактор болгон.

Аны „Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок“ деген элдик сөздөр ырастап турат.

19-кылымга чейин сот ишмердүүлүгүн кылымдар бою калыптанган үрп-адаттын, каада-салттын эрежелерине негиздеп, бийлер жана казылар жүргүзүшкөн.

1867-жылдан тартып, кыргыздар Россиянын курамына киргенден кийин, бир нече атайын жана жалпы соттор түзүлгөн.

Аларга райондук жана уезддик соттор кирген.

Кыргызстанды Верныйда жана Скобелевде жайгашкан аймактык соттор тейлеп турган.

1924-жылы Кара-Кыргыз областтык соту ишке киришкен. Анын биринчи төрагасы Лев Авербург болгон.

Ошол кезден тартып Кыргызстандын сот системасынын түптөлүү башатын белгилеп келебиз.

Кыргыз АССРнын Башкы соту түзүлгөндөн кийин, Текеев Иманбек, Айдарбеков Иманалы сыяктуу тарыхый инсандар төрага болушкан.

Ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРнын Жогорку соту түзүлүп, бир жылдан кийин анын төрагасы болуп Сегизбаев Санжар дайындалган.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде сот системасынын кызматкерлеринин көпчүлүгү согушка кетип, согуш майданынан кайтып келбей калган.

Өз учурунда Кыргызстандын Жогорку сотун Абдраимов Абдукадыр, Ордобаев Абдулда, Кыдырбаева Фатима,  Календеров Сеиткадыр, Шаменов Кожоналы, Супатаев Абдыкасым, Джамашев Зулумбек, Алымбеков Мадан жетектеп келишкен.

Аталган инсандар Кыргызстанда сот системасынын калыптанышына чоң салым кошушкан.

1993-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынып, анда бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү принциби бекитилген.

Сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун биринчи төрагасы Бообеков Качкынбай болгон.

Урматтуу сот системасынын кызматкерлери!

Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз.

Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес.

Бардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды экенин өзүбүздүн тажрыбайбыз көрсөттү.

Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу,  аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл.

Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот.

Сот реформасынын ишке ашырылбай, артка жылдырылып келгени — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги болгон тоскоолдуктардын бири болду. Ошондуктан, эч кылчактабай, реформаны аягына чыгаруу керек. Мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат.

Ошол эле учурда, маселенин көбү соттордун корпусунун ичинде чечиле турганын, судьялардын өзүнө гана байланыштуу экенин — башкалар эмес, сиздер жакшы түшүнөсүздөр.

Албетте, соттор көз каранды эмес болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу керек.

Бирок, сот бийлигинин көз карандысыздыгын — жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер.

Урматтуу судьялар!

Ушул жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүүнү баштадык.

Өлкөбүз жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштады.

Сот системасын санариптештирүү процесси жүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз.

Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат.

Бирок, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда.

Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда.

Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт.

Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө.

Албетте, араңарда адилет судьялар аз эмес.

Бирок, Мыйзам жана Кудайдан коркуп, баарыңар тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албайм. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт.

Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек.

Ошондо жалпы сот системасынын аброю өсөт. Чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө деген ишеними артат.

Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброю сот системасынын тазалыгы менен өлчөнөөрүн эсиңерден чыгарбагыла.

Сот системасынын жакынкы жылдары аткара турган милдеттери арбын.

Алардын ичине төмөнкүлөр кирет.

Биринчи артыкчылыктуу багыт — судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу.

Абийирдүү, адилеттүү, чынчыл судьяларды тандоо — Сотторду тандоо кеңешинин милдети.

Кеңештин алгылыктуу аракети менен, бүгүнкү күндө соттук корпус бир кыйла жаңыланды.

Бирок, судьялык кызматка кокустан келип калгандар да жок эмес.

Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери дале токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат.

Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот.

Кээ бир судьялар — кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес.

Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек.

Мага берилген маалымат боюнча, 2017-19-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген.

Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

Бир катар судьялар боюнча Комиссия тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү чечимдер кабыл алынган.

Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум.

Ошондуктан, мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга баруу фактылары — түп-тамыры менен жоюулууга тийиш.

Судьялык кесип — өтө жооптуу кесип, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт.

Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Ал гана эмес, туура эмес кабыл алынган соттук чечимдер жалпы мамлекетик башкарууга, бүтүндөй коомго доо келтирет.

Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз.

Мунун натйыжасында, өздөрүнүн калыстыгы менен коомубузда бийик кадыр-баркка, кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп чыгат.

Экинчи багыт — жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди колдонуунун сапатын жогорулатуу жана соттук практиканы жалпылоо.

Ушул жылдын башынан тартып, өлкөбүз жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштады.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, тергөө судьясынын, пробациянын институттары жана башка жаңылыктар күчүнө кирди.

Мындай аракеттер сот өндүрүшүн гумандаштырууга, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга жакындатууга түрткү берет.

Жаңы жазык кодексинин кабыл алынышы менен жазык иштерин кайра кароого шарт түзүлдү. Муну менен жүздөгөн жарандарыбыз адилеттүү сот чечимине жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушту.

Мамлекетибизде бирдиктүү сот тажрыйбасы болушу керек. Өзгөчө жаӊы кодекстерди жана мыйзамдарды бир түрдүү колдонуу үчүн бул иш өтө маанилүү.

Ушуга байланыштуу сот тажрыйбасын түзүү жана мыйзамдарга түшүнүк берүүнүн бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу — Жогорку соттун артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

Жогорку соттун Пленуму тарабынан кабыл алынган токтомдор — соттор үчүн милдеттүү.

Жаны мыйзамдарды колдонууда орун алган укуктук боштуктарды жана коллизияларды жоюу жаатында Өкмөт тарабынан тиешелүү мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгууда.

Айрым долбоорлор Жогорку Кеңешке киргизилген.

Жогорку Кеңеш соттук-укуктук багыттагы мыйзамдарды кабыл алууда ыкчамдык менен иш жүргүзөт деп ишенебиз.

Үчүнчү багыт — санариптештирүүнү аягына чыгаруу.

Мага маалым болгондой, бүгүнкү күндө аудио-видео жазуу жана протоколдоштуруу  жабдуулар менен сот жыйындарынын залдарынын жарымы гана камсыздалган.

Протоколдор дагы эле эскиче кагаз жазуу түрүндө түзүлүп жатат.

Бул ишти толугу менен белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей бүтүрүү керек.

Компьютердик сабаттуулук — судьялардын милдеттүү кесиптик компетенциясынын бир бөлүгү болууга тийиш.

Санариптештирүүнү — сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл. 

Сот системасынын жетекчилиги — өзүнүн бардык ишмердүүлүгүн электрондук форматка өткөрүү боюнча судьяларга үлгү болушу керек.

Биринчи кезекте, Жогорку сот жергиликтүү сотторго үлгү болушу керек. Мен жакында Жогорку сотко өзүм барып, иштин жүрүшү менен таанышам.

Төртүнчү багыт — бул өлкөнүн судьяларынын ишин оптималдаштыруу.

Жарандардын доо арыздары жана каралган соттук иштердин саны, сотторго болгон жүктөм көлөмдүү бойдон калууда.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын иш жүктөмү бирдей эмес экенин тиешелүү анализ көрсөтүп турат.

Аларды теңдештирүү зарылдыгы бар.

Ошондуктан, административдик-аймактык бирдиктер боюнча судьялардын ар бирине болгон жүктөмдү эске алуу менен штаттарды өзгөртүү каралууда.

Бул чараларды мыйзам аркылуу бекитүү керек.

 Мен мындай жаңы киргизүүлөрдү колдойм.

Бешинчи багыт — бул сот системасынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү.

Адилеттүү сот бийлигин түзүү үчүн мамлекет тарабынан ар тараптан колдоолор көрсөтүлүп келүүдө.

Сот тутумун каржылоонун көлөмү жылдан жылга өсүп жатат.

Алсак, 2018–жылы сот системасына 1,6 млрд. сом, ал эми 2019-жылга 2 млрд. 154 млн. сом бөлүнүп, анын бюджети 35 пайызга көбөйгөн.

Соттор керектүү материалдык-техникалык ресурстар, техника менен жетиштүү камсыздалууда.

Ошону менен катар, айрым бир көйгөйлөр бар.  Алар да өз ырааты менен чечилип жатат.

Эми силерден да ошого жараша кайтарым болуп, өлкөдө адилеттүү, эл ишенген сот системасын орнотуу талап кылынат.

Жогоруда айткандай, реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, жеке силердин ички абийириңерден, инсандык тазалыгыңардан, адилеттүүлүгүңөрдөн көз каранды.  Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт. Коом өнүкпөйт.  

Урматтуу судьялар!

Тарыхты карасак, сот кызматын калк арасында кадыр-баркы бар, адилеттикти туу туткан, нарктуу инсандар аркалап келишкен.

Ата-бабаларыбыз сотторду — кара кылды как жарган калыстыгы менен кадыр-барк тапкан,  кынтыксыз жүрүм-туруму  элдин ишенимине ээ болушкан инсандар катары сыйлашкан.

Бүгүн бул жерде катышып жаткан сот ардагерлери ушул улуу жолду улантып келишкенин белгилеп кетким келет.

Өлкөбүздүн сот системасынын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазылык билдирем.

Урматтуу судьялар, сиздердин кесибиңер, судьянын кызмат орду — юридикалык карьеранын туу чокусу болуп эсептелет.

Сиздер ар дайым конфликттердин, талаш-тартыштардын чөйрөсүндө, өтө татаал шарттарда эмгек өтөйсүздөр.

Силердин эмгектенген жер — калыстыктын бийлиги бекем орногон, чындык дайыма жашаган чөйрө болуусу абзел.

Адилеттик издеген адам — акыркы үмүтүн силерге артат.

Адам тагдырын чечкен акыркы чечимди чыгарган, акыркы   инстанция — силерсиңер.

Силердин ишиңердин, жашооңордун маңызы — абийир.

Сотторго жарандар „Ваша честь“ — „Сиздин абийир, ар-намысыңыз ” деп кайрылып келишкен.

Биз муну кайра калыбына келтиришибиз керек.

Ошондуктан — райондук соттон баштап, Жогорку сотко чейин, судьялардын баары тең өзгөчө таза, намысы бийик адамдар болушу керек.

Калыстыкты, чындыкты камсыз кылуу — абдан чоң чыдамкайлыкты, жогорку  адеп-ахлакты, кыраакылыкты талап кылат.

Берген антыңарды так сактап, өлкөбүзгө мындан ары да ак ниет менен иштеп бересиздер  деп ишенебиз.

Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм.

Ар бириңиздерге ден соолук, бактылуу турмуш, ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Жараткан Кудайым Өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!«

Количество просмотров: 25