• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент: ТЭЦ – 2 жактагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат

15 Жетинин айы 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

ТЭЦ – 2 жактагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү тапшырма берди. Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин, 2021-жылдын августунда Мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ТЭЦ – 2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда. Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды. Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди. Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди ал.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТЭЦ – 2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды. Мамлекет башчысы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгиледи.

«Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар. Мисалы, министрликтерде, ведомстволордо, аймактарда, тоо-кен өнөр жайларында жана башкаларда», — деди ал.

Аны менен бирге, Мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

«Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат», — деди ал.

Ошондой эле, жарандардын турак жай маселесин чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты толук өзгөртүлүп, квартираларды жана үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү башталганын кошумчалады.

«Муктаж болгондор турак жайды ипотека менен 10, 15, 25 жылга алуусу үчүн кийинки жылга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга 5,5 млрд сом бөлөбүз. Батирлерди облустарда, райондук борборлордо беребиз. Облус башчылары, мэрлер, акимдер бул багытта иш алып барып, бул маселени көзөмөлүнө алышат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 313