• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктады

20 Бештин айы 2019 11:28 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Коопсуздук органдарына өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, чалгындоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, курал-жарактарды жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жооптуу милдеттер жүктөлгөн.

Коомубуздун бейпилдиги жана коопсуз жашоосу, адамдардын өз өлкөсүнүн келечегине ишеними — сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды.

Сиздердин чечкиндүү жана иш билги аракетиңиздер менен маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болууда, өлкө жарандарынын тынчтыкта жаратмандык эмгек менен алектенүүсү үчүн шарт түзүлөт.

Кесиптик майрам күнү коопсуздук органдарынын ардагерлерине өзгөчө ыраазылык билдиргим келет. Сиздердин өрнөктүү ишиңиздер жаш кызматкерлер үчүн ар дайым үлгү болуп кала берет.

Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин каармандыгы жана кесипкөйлүгү мындан ары да жарандарыбыздын бейпилдигинин кепилдиги катары кызмат кылаарына ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бак-таалай жана Мекенибиздеги тынчтыкты бекемдөөгө арналган татаал кызматыңыздарда жаңы ийгиликтерди каалайм!»

Количество просмотров: 164