Президент ыктыярчылар менен жолугушууда. Кимдер келди? (Тизме)
Президент ыктыярчылар менен жолугушууда. Кимдер келди? (Тизме)
21 Теке 202013:19 Бишкек Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетке коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эркин Рыскулбеков — шоумен, «Элим, барсыңбы» ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
Бабур Төлбаев — меценат, «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;
Нуриля Чолпонбаева — «Поколение Best!» коомдук бирикмесинин жетекчиси;
Абдурахманхаджи Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;
Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.
Кыргызстанда бир нече ыктыярдуу кыймылдын мүчөлөрү COVID-19 менен күрөшүү иштеринин алкагында ар кандай аракеттерди көрүүдө. Мисалы, медиктерге жардам көрсөтүү, дары-дармек жана медициналык жабдууларга акча чогултуу менен алектенишет.