• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Президент жаңы парктын атын «Ынтымак» деп атоону сунуштады

30 Баш оона 201914:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» («Дружба») деп атоону сунуштады.

«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс​ алышат. Биз үчүн эң башкысы​ — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты „Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун»,​ — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Количество просмотров: 12