• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Президент Жапаров Бишкекке кайтып келди

7 Бирдин айы 20229:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 6-февралда Бишкекке кайтып келди

Количество просмотров: 215