• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Жапаров иликтөөчү журналисттин кармалышы боюнча үн катты

23 Үчтүн айы 2022 14:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы боюнча «Фейсбукка» пикирин билдирди.

«Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар. Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели”,- деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт», — деп жазган президент.

Эске салсак, төкмө акын Болот Назаров жана иликтөөчү журналист Болот Темиров 22-январда кармалышкан. Журналист эч жакка кетпөө тил каты аркылуу бошотулду. Ал эми акын Болот Назаров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалды.

Количество просмотров: 643