• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президент Жапаров Индонезиянын президентине көңүл айтты

22 Жетинин айы 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Индонезия Республикасынын президенти Джоко Видодого Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам.

Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 61