• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жапаров Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

4 Бугу 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Количество просмотров: 486