• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Президент Жапаров Кувейттин премьер-министри менен жолугушту

2 Жетинин айы 2021 15:04 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин алкагында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маселелерде пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи. Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирди.

Количество просмотров: 91