• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Жапаров нааразычылык акциясына чыккандар менен жолукту (видео)

18 Жетинин айы 2021 12:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын четиндеги «Жер-Ынтымак» конушунун жүздөгөн жашоочулары өкмөт үйүнүн алдына нааразчылык акциясына чыгышты. Алар жер маселесин чечип, трансформациялоо иштерин аягына чыгарууну талап кылышты.

Аталган конуштун жашоочуларына президент Садыр Жапаров өзү чыгып жолукту. Анын айтымында, тилкелерди трансформациялоого байланыштуу көйгөйлөр четинен чечилип жатат.

«Сиздердин маселе боюнча адистерге тапшырма берейин. Тактоо иштерин жүргүзгөндөн кийин мен тийиштүү чечим кабыл алам. Сиздердин жерлер санитардык-коргоочу аймакта жайгашкан экен. Шаардын четиндеги конуштарда жашап, кызыл китеп ала албай жүргөн жарандарга жеткире барыңыздар, бүгүнкүдөй нааразычылык акциясына чыкпасын! Көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Ар бир нерсенин бүтө турган убактысы болот. Буга чейин облустагы жер маселелерин чечип бергенбиз. ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо тапшырмасын койдук. Эми Бишкек шаарына жеттик. Жазга чейин кызыл китеп аласыңар. Баарына айтып коеюн, мындан ары жерлерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 11103