Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Ош базарында соодагерлер менен жолукту.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президент Жапаров ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, контролдук кассалык машинаны (ККМ) ишке киргизүү маселелерин талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Соодагерлер президентке базардагы орун, санитардык күн сыяктуу маселелер менен кайрылып жатышат. Жапаровдун жанында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев да жүргөнүн көрүүгө болот.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке кирди. Ага ылайык, ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.
Буга соодагерлер каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.