• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Жапаров саммитте Украинадагы кырдаалга токтолду

2 Кулжа 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунда эл аралык коопсуздук маселелери тууралуу айтып жатып Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалга токтолду.

Жапаров кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептей турганын белгиледи.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт. Биз бүгүн эл аралык мамилелердин жана коопсуздуктун дүйнөлүк архитектурасында болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат. Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз. Бүгүнкү басма сөзгө жасай турган биргелешкен билдирүүбүздө Тышкы иштер министрлерине жана Евробирликтин Жогорку өкүлү Барель мырзага Европа Бирлиги менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча Биргелешкен жол картасын ишке ашырууну жол-жоболоштуруп, алдыга жылдырууну тапшырабыз. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча менин сөзүмдө айтылган сунуштар бул документте эске алынат деп ишенем”,- деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 91