Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Чүй облусу:
— Сокулук райондук сотуна:
Садыков Болот Калыбекович;
— Ысык-Ата райондук сотуна:
Шабданбеков Болот Турарович;
— Чүй райондук сотуна:
Абдрасул уулу Бектур;
— Токмок шаардык сотуна:
Акбалаева Нурия Каинбековна;
– Ош облусу:
— Кара-Суу райондук сотуна:
Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;
— Ош шаардык сотуна:
Максатбеков Султан Максатбекович;
Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;
– Жалал-Абад облусу:
— Жалал-Абад шаардык сотуна:
Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;
– Бишкек шаары:
— Октябрь райондук сотуна:
Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.